Цэндийн Дамдинсүрен

Дамдинсур Эн Цэндийн‎»‎ барагынан багытталды)

Бул моңгул аталышында Дамдинсүрен деген ат коюлган. Цэнд фамилия эмес, атасынын аты.

Цэндийн Дамдинсүрен
Туулган датасы:

14 -сентябрь 1908(1908-09-14)

Өлгөн датасы:

27 -май 1986(1986-05-27) (77 жаш)

Өлгөн жери:

Улан-Баатыр

Цэндийн Дамдинсүрен (14.9.1908, азыркы Чыгыш аймагы 27.5.1986, Улан-Батор) моңгул жазуучусу жана илимпоз. Азыркы моңгул адабиятын баштоочулардын бири.

Чыгармалары түзөтүү

1926-жылдан жарыялана баштаган. «Түрткүнчүк кыз» (1929) повести жаңы моңгул прозасындагы туңгуч ири чыгарма. «Ак чач энем» поэмасынын (1934), «Таң каларлык үйлөнүү тою» (1966), «Алтын казык», «Экөө тең менин уулум», «Тилек жөнүндө жомок» жана башка аңгеме жыйнактарынын автору. Ошондой эле анын «Гэсэриаданын тарыхый тамырлары» (1957), «Моңгул көркөм адабиятынын обзору», «Рамаяна Моңгулияда» (1976) жана башка илимий эмгектери бар. Адабият менен илимдеги ишмердиги үчүн Моңгулиянын мамлекеттик сыйлыгы берилген (1946, 1948, 1951).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
  • Михайлов Г. И. Очерк истории современной монгольской литературы. М., 1955.