Жорж Жак Дантон

Дантон Жорж Жак‎»‎ барагынан багытталды)

Дантон Жорж Жак (28. 10. 1759, Арси-сюр-Об - 5. 4. 1794, Париж) - Улуу француз революциясынын ишмери.

  • Билими боюнча юрист.
  • Революция башталар алдында королдук сотто адвокат болгон.
  • 1791-ж. июлда өкмөттүк репрессиядан кутулуш үчүн Англияга кеткен.
  • Дантон Парижге кайтып келип (1791-ж. сент.) якобчулар менен жакындашып, демократиялык кыймылга катышкан.
  • 1789-94-ж. Париж Коммунасында прокурорго жардамчы.
  • 1792-ж. 10- августта монархияны кулатуу көтөрүлүшүн уюштурууга катышууга, жаны өкмөттө юстиция министриннин кызматын ээлейт.
  • 1792-ж. сентябрда Дантон Конвентке шайланган.
  • 1793-ж. Коомдук сактап калуу комитетине биринчи болуп кирип, ага жетекчи болгон.
  • 1793-94-ж. Дантондун айланасына якобчулардын оң тарабы (К. Демулен, Фабр д’Эглантин) топтолушуп, максимум жөнүндөгү законду жокко чыгарууну, революциялык террорду жеңилдетүүнү талап кылышкан оппозициялык топ түзүшүп, якобчу өкмөткө кескин түрдө каршы чыгышкан.

1794-ж. 2-апрелде Дантон жана анын досторун революциячыл трибунал өлүм жазасына өкүм кылган, 5-апрелде өкүм ишке ашырылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.