Даудтоо, ТооТүркстан кырка тоосунун түндүк тармагы. Каравшин жана Жиптик сууларынын аралыгында кеңдик багытта дого сымал 23 кмдей созулуп жатат. Туурасы 6–8 км. Орточо бийиктиги 3400–3600 м, эң бийик жери 4149 м. Кыры тайпак, аска-зоокалуу, капталдары тик, капчыгай, кокту-колоттуу. Силурдун аягында пайда болгон конгломерат, кумдук, сланец, акиташ тектеринен турат.

Файл:Кыргызстандын кооз тоолору.jpg
Кыргызстандын кооз тоолору

Талаа (1600–1800 м бийиктикке чейин), шалбаалуу талаа жана арча токою (1800– 2900 м), субальп жана альп шалбаалуу талаасы (2900–3200 м), талаа (3200–3400 м), корум таштуу жана жылаңач аскалуу нивалдыкгляциалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайкы жайыт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү