Дебет (солкаттам) (от лат. debet – ал карыз) – 1) 2 жактуу тизмек таризиндеги бухгалтердик эсептин сол танабы. Бар мүлкүн, акча каражатынын кыймылын, товардык-материалдык баалуулуктардын корун (даяр продукцияны, бүтөлек өндүрүштү ж. б.) каттоого алуу үчүн колдонулган эсептеги баалуулуктардын саны ар айдын башында Д-те көрсөтүлөт да, жаңы келип түшкөндөр ай ичинде катталып турат. Бар мүлк менен каражат булактарынын кыймылын каттоого алуу үчүн колдонулган эсептеги булактардын азайуусуна алып келген чарбачылык аткарымдары Д-те чагылдырылат. Бухгалтердик эсептеги баардык аткарымдар өзара байланышы бар эсепке 2 ирет (бирдей кошундуда) жазылат: Д-те бир эсеп, кредитте башкасы; 2) жеке жана юридикалык жактар менен чарбачылык боюнча өзара байланыштын натыйжасында төлөнө же алына турган кошунду. Д. активинде каражат көлөмүнүн өсүүсү, пассивинде төмөндөөсү белгиленет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү