Декалин, декагидронафталин, С10Н18 - кесикн жыттуу. түссүз суюктук. Мол.масс. 135,25. Д. мейкиндиктен циклдер өз ара жайгашуусу менен айырмалануучу цис- жана транс-изомерден турат. Цис-формасы 43,3оС эрип, 194,6оС кайнайт; транс-формасы - 31,5оС б.эрип, 185,5оС кайнайт. Транс-Д. бир кыйла туруктуу. Техникада Д. 60 % цис-, 40 % транс-формада болот. Д. сууда эрибейт; муздак жана ысытылган уксус к-тасында аз эрийт. Метил жана этил спирттеринде аз санда ээрийт. Д. жана анын гомологдору нефтинин курамында кездешет. Өндүрүштө Д. изомерлердин аралашмасы түрүндө нафталинди Ni, Pt MoS3 менен 100-400оС каталиткалык гидрогендөө менен алынат. Кадимки темп-рада суусуз АlCl3 катышуусунда цис-Д. транс -Д. айланат. Д. көпчүлүк орг. бирикмелер жана полимерлер үчүн жакшы эриткич. Ал күйүүчү майлар аралашмасын, лак, жасалма чайыр алууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү