Декомпенсация (де жана лат. compensate - теңдештирүү, ордун толтуруу) - көнүгүү механизмдеринин үзгүлтүккө учурашынан же начарлашынан органдын, системанын же бүткүл организмдин ишинин бузулушу.

Бир топ убакыт өткөнден кийин организм жаңы шартка көнөт (мис., жүрөк кемтигинде анын булчундарынын чоңоюшу) жана компенсация пайда болот. Компенсация убагында орган же система күчтүү иштегендиктен зыяндуу таасирлерге байымсыз келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.