Демифологизация бул термин Р. Бультман тарабынан Библиядагы «дүйнөнүн мифтик картинасын» сын көз караш менен чечмелөө жолу аркылуу Жаңы Осуяттын маани-маңызын ачууну белгилөө максатында илимге киргизилген.

Анын пикири боюнча, Библиядагы мифтер табият таануу илимдеринин таасири астында калыптанган азыркы адамдын түшүнүмдөрүнө дал келбей калды. Ошол себептен динге ишенүү Библияны жаңыча түшүнүүнү жана аны мифтик аң-сезим аркылуу түзүлгөн дүйнөнүн объективдүү маанайдагы каалагандай картинасынан бошотууну талап кылат. Христостун өлүп кайра тирилиши тарыхый факт катары эмес, апостолдун пасхалдык ырым-жырымы катары гана түшүнүүлүгө тийиш.

Кеңири мааниде бул термин тарыхый окуяларды иликтеген азыркы изилдөөлөр менен ыкмаларды мифологиялык элементтерден, апыртуулардан бошотуу максатын көздөгөн тенденцияны белгилейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8