Дене температурасы – организм жана айлана-чөйрөнүн жылуулук продукциясы менен жылуулук алмашуу балансын чагылдыруучу комплекстүү көрсөткүч. Муздак кандуу (пойхилотермдүү) жаныбарлардын дене температурасычөйрөнүн температурасына жараша өзгөрүп турат. Жылуу кандуу (гомойотермдүү) жаныбарларда жылуулук продукциясы жана жылуулук берүү ургаалдуулугун аныктоосу жылуулукту жөнгө салуучу механизми менен туруктуу (38–40–42ᵒС) кармалып турат. Дене температурасы тиричиликке жараша өзгөрүп (0,5–2ᵒС) турат (тынч абалда же уктаганда дене температурасы төмөндөйт, кара жумушта көтөрүлөт). Дене температурасы организмдин ички чөйрөсүнүн жана терисинин температурасы болуп айырмаланат. Ички органдардын температурасы аларда болуучу биохимиялык процесстердин ургаалдуулугуна жараша ар түрдүү болуп, териникинен жогору. Киши терисинин ар кайсы бөлүгүндө да ар кандай. Дене температурасы чөйрө температурасына, нымдуулугуна, кыймылга, кийимге, теринин тазалыгына жана башка жараша болот. Улгайган жана карыган кишилердин дене температурасы орто жаштагыларга салыштырганда бир аз төмөн. Кичине балдардыкы ар кандай абалда өзгөрүп турат. Ал түрдүү ооруларда жана жылуулукту жөнгө салуу бузулганда өзгөрүлөт. Көпчүлүк сезгенүү жана жугуштуу ооруларда жогорулайт. Дене температурасынын төмөндөшү уулануу, кома жана башкаларда байкалат.[1]

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1

  1. Жылуулукту-дене температурасын өлчөө үчүн аспап. Текшерилген күнү 29 -ноябрь (жетинин айы) 2020. Түп булактан архивделген күнү 7 Апрель 2022.