Дерматомикоздор (дермато... жана гр. mekēs – гриб), дерматофитоздор – мите козу карындар же дерматомицеттер пайда кылуучу тери оорусу. Кишиге оору адам, мал, грибок менен булганган жашылча, жемиш, буюм жана башка аркылуу жугат. Балдар көп ооруйт. Чөйрөнүн шартына, ылаңдаткычтын өзгөчөлүгүнө жараша Дерматомикоздор 4 топко бөлүнөт. Кератомикоздор (чакалай) – теринин үстүңкү катмарынын жугуштуу оорусу. Эпидермомикоздор – дененин бардык жеринде таралган жугуштуу оору. Мында ылаңдаткыч теринин жана былжыр челдин бүткүл катуу катмарында мителеп, кээде тырмакты бузат. Трихомикоздор – дерматомикоздордун эң коркунучтуусу. Мындан тери, чач жана тырмак жабыркайт. Терең дерматомикоздор – актиномикоз, бластомикоз, хромомикоз, кокцоидомикоз, гистоплазма. Микоздорду айрым кебер козу карындар пайда кылат. Булардын ылаңдаткычтары теринин терең катмарын, ички органдарды, булчуңдарды, сөөктү, безди дартка чалдыктырат. Малда дерматомикоздордон микроспория жана трихофития (чакалай) жолугат. Бул ылаңдар мал чарбасына чоң зыян келтирет.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1