Диазометан (СН2N2) – эң жөнөкөй алифаттык азобирикме. Жагымсыз жыттуу, сары түстөгү уулуу газ, мол. масс. 42,043. Жарылуу менен оңой ажырайт, эфир жана диоксан эритмелерде салыштырмалуу туруктуу (Д. конц. эритмелери да жарылгыч) Сu таарындылары жана CoCl2 катышуусунда N2 жана полиметиленге жеңил ажырайт. Д. карбон к-талары, сульфок-талар, фенолдор, спирттер менен реакцияга кирип, метил эфирлерин, AlCl3 жана BF3 катышуусунда альдегиддер менен реакцияга кирип, метил кетонун пайда кылат; кетондор менен реакцияга киргенде чынжырлар узарат, мис., циклогексанон циклогептанонго айланат:

СН2(СН2)4СО + СН2N2 CН2(СН2)5СО + N2

Колдонулган адабияттар түзөтүү