Дивизион

батальонго туура келүүчү артиллериялык түзүлүш

Дивизион(фр. division – бөлүм, бөлүү) – 1) ракеталык , зениттик ракеталык аскерлердеги жана азыркы армиянын артиллериясындагы негизги атуучу жана тактикалык бөлүм. Бир нече батареядан түзүлөт. Дивизиондун замбиректик, гаубицалык, миномёттук, реактивдүү, танкка каршы кыйраткыч, өзү жүрүүчү артиллериялык, ракеталык, зениттик-ракеталык жана башка түрү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1