Диен синтези (Дильс-Альдер реакциясы) - 1,3 - диендер диенофилдер деп аталган чексиз углеводородду жана алардын туундуларын кошуп алып, алты мүчөлүү циклдүү бирикмелер пайда кылуу реакциясы. Реакциянын натыйжасында диендер мол-сындагы эки p - байланыштын ордуна жаңы эки s - байланыш жана бир s - байланыш ордуна жаңы бир p - байланыш пайда болот. Д. с. 1,3 -диендер менен этилен катарындагы углеводороддун ортосундагы реакциялар жай жүрөт жана продуктынун чыгышы анчейин көп болбойт. Эгерде этилен углеводороддору терс индукциялык эффектиге ээ болгон атом топтору менен активделген болсо, реакция алда канча тез жүрөт жана реагенттер бардыгы калдыксыз реакцияга кирет. Мында диенофилдерге, акролеин, кротон альдегиди, 1-нитропропен, акрилонитрил, малеин ангидрид ж. б. тиешелүү. Мис., дивинил малеин ангидриди менен калдыксыз реакцияга кирип, тетрагидрофталат к-тасы ангидридин пайда кылат:

Д. с. жумшак шартта жүрөт, бирок алардын көпчүлүгү жогорку темп-рада кайталанма болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү