Динли́ндер [Dingling (丁零), Чилэ (敕勒), Телэ (鐵勒)] — Борбордук Азиядагы байыркы көчмөн уруулардын бири. Этнонимдин чечмелениши тууралуу бир нече пикир (мисалы, гаочэ – "бийик арабачандар" же тэлэ, чилэ, чжилэ ж. б.) айтылса да, тарыхый эмгектерде негизинен динлин деген аталуу колдонулат. Динлиндер жөнүндө алгачкы кабар Кытай тарыхында болжол менен б. з. ч. 186-ж. чейин жазылган «Ши-цзида» («Тарыхый жазмалар») жана б. з. ч. 49-ж. жазылган «Хань тарыхында» кезигет. Булардан тышкары үзүндүлөр түрүндө «Вэй-лио», «Хоу Вэйшу» династиялар тарыхынан да динлиндер тууралуу кыскача маалымат алууга болот. Бир нече маалымат булагы алардын тили хунндардыкына (сюнн) окшош экенин, ана-мынча гана айырма болгонун белгилейт. Мындай маалыматтардын негизинде, көпчүлүк окумуштуулар (мисалы, В. В. Бартольд, Л. Н. Гумилев, С. В. Киселёв, К. Г. Менгес ж. б.) европеоид («ак түстүү») расасындагы динлиндер Ортоңку Енисейди (Минусинск крайы) жердеп турган жана б. з. ч. II–I-кылымда азыркы Батыш Моңголия – Тыва аймагында жайгашкан монголоид тибиндеги кыргыздар (гяньгундар) хунндардын (гунн) кысымына байланыштуу түндүккө жылып, ассимиляцияланууга учурап, кыргыздар динлиндердин келбетин, ал эми динлиндер кыргыздардын аты менен тилин кабыл алып, натыйжада енисей кыргыздары жаралган деген пикирди колдошот. Бирок, ар кайсы мезгилде жазылган кытай хроникаларын бир-бирине салыштыруу аркылуу динлиндер тууралуу азырынча бир беткей, так жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес. Мисалы, «Вэй-лио» же «Саньго чжи» («Үч хандыктын тарыхы») тарыхында усундардын (Тянь-Шань) батышы, Кангюйдун (Сыр – Аму-Дарыянын ортоңку агымы) түндүгүндө дагы бир динлиндер жайгашканын, алар Түндүк деңизинин (Байкал) түштүгүндө жашаган динлиндер эмес экени баса белгиленген. Мындай маалыматтар азыркы Чыгыш жана Борбордук Казакстандын батыш жагында дагы бир динлиндер жашаганын көрсөтөт. Б. з. 487-жылдары 12 уруудан турган динлиндердин конфедерациясы түзүлүп, анын башында бир туугандар Афучжило жана Цюнци турган. Динлиндер тууралуу акыркы кабар моңголдордун Саян-Алтайды басып алышы (12-к.) менен аяктайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Киселёв С.В., Древняя история Южной Сибири, М., 1951.
  • Кюнер Н.В., Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока, М., 1961.
  • «Материалы по истории сюнну (по китайским источникам)», М., 1968.
  • Бартольд В.В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана, Б., 1996.
  • Зуев Ю.А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002.
  • Пьянков И.В. Проблема динлинов. //Вопросы археологии Казахстана. Вып. 3. А., 2011. С. 411–418.