Дипсоманияаракечтиктин өзгөчө түрү; көңүлдүн чөгүшүнө (депрессия, дисфория) байланыштуу мезгили менен ичип кетүү. Анда баш ооруйт, уйку качат, адам бир нече күн же эки-үч жума бою күнүнө 1 л ден ичкилик ичет. Дипсомания капилеттен токтойт, анткени ичкиликтен көңүлү кала түшөт. Андан соң кыйла мезгилге ичпей коюшу мүмкүн. Дипсомания көбүнчө психопатия, талма, шизофрения ооруларында, мания-депрессиялык психоздордо болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8