Дирилдеткич, вибратор - жалпы алганда мехканикалык, электромагниттик ж. б. термелүүлөр пайда боло турган ар кандай система (мис., кыл, камертон, маятник, термелүү контуру) .

Дирилдеткич техникада - жекече жана дирилдөө машинасы менен жабдуулардын түйүнү катары пайдаланылуучу мехканикалык термелүүлөрдү пайда кылууда колдонулуучу дирилдөө козгогуч. Ал бетон аралашмасын тыгыздоо, чубурма жана кесек материалды ташуучу дирилдек конвейерде, конструкцияны, приборду жана аппаратты сыноодо ж. б. кеңири колдонулат.

Дирилдеткич электр өлчөө техникасында - дирилдек приборлордун кыймылдуу бөлүгү. Дирилдеткич радиофизикада же радиотехникада-- өзгөрмө ток өткөндө электромагнит толкундарын таратуучу түз сызыктуу өткөргүчтүн кесиндиси. Мисалы, жөнөкөй антенна же татаал антеннанын элементи (белугу) зымдуу Дирилдеткич болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.