Дисплей (англисче display чагылдыруу түзүлүшү, көрсөтүү) — жеке компьютердин текст жана чийме маалыматты экранда көрсөтүүчү негизги түзүлүшү. Дисплей үчүн электрондук-нур түтүкчөсү, плазмалык матрицалар, суюк кристаллдык көрсөткүчтөр жана башка приборлор колдонулат. Экрандын диагоналынын өлчөмү жана экрандын маска кадамы, чагылдыруунун эң чоң регенерация жыштыгы, коргонуу классы дисплейдин негизги керектүү параметрлери болуп эсептелет. Дисплей монохромдуу (бир түстүү) жана түстүү болуп, кинескопторунун демейдеги диагоналы 14төн 21 дюймга чейин жетет. Дисплейде бир учурда көрсөтүлө турган түстөрдүн саны тактада орнотулган видео адаптердин эсинин көлөмүнө жараша болот. Түстүү монитордун 16 млндон ашык түстү көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5