Доктур Жон Ва́тсон (о. э. Уо́тсон, англ. Dr John H. Watson) — Артур Конан Дойлдун Шерлок Холмс тууралуу аңгемелеринин персонажы. Шерлок Холмстун досу, биографы жана жардамчысы. Конан Дойльдун Холмс тууралуу көпчүлүк китептеринде баяндоо доктур Ватсондун атынан жүргүзүлөт.

Доктур Ватсон
Dr. Watson
Портрет
Доктур Жон Ватсон (сол жакта) жана Шерлок Холмс. Сидни Паджеттин эмгеги
Жаратуучу: Артур Конан Дойль
Чыгармалар: Шерлок Холмстун библиографиясы
Шерлокиана
Биринчи эскерилген: «Кочкул кызыл түстөгү этюд» повестинде (1889)
Жынысы: эркек
Улуту: Англичан
Раса: европеид
Жашаган жери: Лондон, Улуу Британия
АКШ (убактылуу)
Туулган датасы: 1850-чү жылдары
Үй-бүлөсү: атасы Генри Ватсон,
байкеси Генри Ватсон,
аялы Мэри Морстен (1888 - 1892)
Наамы: медицина доктуру
Ишмердүүлүк түрү: врач; Шерлок Холмстун жардамчысы жана биографы
Прототип: Артур Конан Дойль, Альфред Вуд
Рольду жараткан: Роланд Янг,
Лев Борисович Круглый,
Виталий Соломин,
Эрнст Романов,
Эдвард Хардвик,
Бен Кингсли,
Джуд Лоу,
Мартин Фримен,
Роберт Дюваль,
Ян Харт,
Найджел Брюс,
Дейсид Берк,
Патрик Макни,
Алан Кокс,
Джеймс Мэйсон,
Андрей Панин
Уикицитата Цитаталары Уикицитатада
Уикиказына Файлдар Уикиказынада

Доктур Жон Ва́тсондун проттотиби катары Конан Дойлдун өзү эсептелет. Бирок сэр Артур өзүнүн мемуарларында прототип катары майор Вудту (англ. major Wood) көрсөтөт. Альфред Вуд Конан Дойлдун секретары болуп, анын жанында 40 жылдай жүргөн.

Өмүр баяны түзөтүү

1872-жылы ал Лондон университетине окууга өтөт, Ыйык Варфоломей ооруканасында хирург болуп эмгектенет.

1878-жылы Медицина доктуру даражасын алат. Аскер врачы кызматына аскердик кызматка өтөт. Алгач Индияга, анан Афганистанга барат.

1880-жылы Майванд салгылашында жарадар болот. Пакистандык Пешавар шаарында келте оорусунун бир түрүнө чалдыгат. «Оронтес» аскердик унаасында Лондон шаарына кайтып келет. Стрэндтеги жеке мейманканалардын бирине жайгашат.

1881-жылы Шерлок Холмско менен таанышат. Бейкер-стритте Хадсон ханымдан батир ижарага алышат.

1883 жана 1887 жылдары бир нече убак АКШда жашайт. Сан-Францискодо өткөн жеке доктурдук тажрыйбасы бар.[1]

1888-жылы анын байкеси Генри көз жумат.[2] Ватсон Мэри Морстенге жолугуп, ал менен турмуш курат. Покупает практику в Паддингтондо практикага ээ болот. Аны 1891 жылы кайра сатып, Кенсингтонго кайтып келет.

1891-жылдын аягы — 1892-жылдын башында Мэри Морстен жана алардын баласы каза болушат.

1894-жылы Ватсон Кенсингтондогу практикасын сатып, Бейкер-стритке кайтып көчүп келет.

1902-жылы ал королева Аннанын көчөсүндөгү апартаменттердин бирине көчөт. Жаңы үй-бүлө куруп, доктурдук тажрыйбасы менен эмгектене баштайт.

Шерлокиана дүйнөсүндө Холмстун биографы катары чыгат. Сыщиктин компаньону жана жакын досу, бир нече аңгемелер жана повесттерде анын буйругу менен иш аткарып, аягында баарына отчёт берет. Байкоочулук жактан Холмско анча деле жете бербейт. Бирок Холмско көптөгөн кызматтарды: өмүрүн сактап калып, медицнага байланыштуу суроолорду чечип берип кызмат көрсөткөн.

Биографиясынын апокрификалык фактылары түзөтүү

Фан-сайттардагы Ватсондун биографиясында көптөгөн Конан Дойльдун китептеринде жок маалыматтар камтылат.

Мисалы,

  • Ортонку аты Хэ́миш[3].
  • Ватсон 1852-жылдын 7 июльда (же 7 августа) төрөлгөн. Чынында туулган жылы анын доктур наам алган жылдан (1878) артка карай саноо менен алынган.
  • 1854-жылы Ватсондун үй-бүлөсү Австралияга көчүп кетип, [4]1865-жылы Англияга кайтып келишкен.

Аты түзөтүү

Конан Дойльдун чыгармаларында Ватсон өз аты менен үч жолу аталат. «Кочкул кызыл түстөгү этюд» повестинде «Аскердик-медицина кызматынын мурунку офицери, медицина доктуру, Жон Х. Втсондун эскерүүлөрүнөн» деген аталышта кошумча сөз башы бар (англ. Being a reprint from the Reminiscences of John H. Watson, M.D., Late of the Army Medical Department). «Торск көпүрөсүнүн табышмагы» аңгемесиндеги курьер сумкасынын башында Ватсондун жазуулары жаткан жерде: «Жон Х. Ватсон, медицина доктуру, Индия армиясынын мурунку аскер кызматкери» деген жазуу бар. «Эрди жарадар адам» аңгемеде аны аялы Жеймс аты менен чакырат.

Ватсон маданиятта түзөтүү

Кызыктуу фактылар түзөтүү

Булактар түзөтүү

Дагы караңыз түзөтүү

Тышкы шилтемелер түзөтүү