Долженко Виталий Николаевич

Долженко, Виталий Николаевич‎»‎ барагынан багытталды)

Долженко Виталий Николаевич - (9.9.1935-жылы туулган, Алтай крайы, Самсонов кыш.) геолог, геологиялык минералогия илимдеринин доктору (1988), профессор (1993). Бүткүл союздук сырттан окуу политехника институтун (1962), Кыргыз ССР ИАнын Геология институтунун аспирантурасын бүткөн (1968). Ошол эле институттун илимий кызматкери, ФПИнин Проблемалык лабораториясында бөлүм башчысы, 1993-2000-жылы Кыргыз тоо-кен металлургия институтунда кафедра башчысы болуп иштеген. 110дон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 1 монографиянын автору. Илимий иштери негизинен геологияга жана геохимияга арналган. Эмгектери: Типы золотого оруднения в домезозойских толшах восточного Тянь-Шаня. Ф., 1990.

Колдонулган адабияттар түзөтүү