Абдилаат Дооров - кыргызстандык заманбап акын, журналист. Кыргызстанда поэтикалык уникалдуу фестивалдын түзүүчүсү жана 30 жылдан берки уюштуруучусу. Кыргыз Улуттук Жазуучулар Союзунун Баткен облустук бөлүмүнүн төрагасы.

Абдилаат Дооров

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

Абдилаат Дооров 1953-жылы 1-сентябрда Кыргызстандын Баткен облусунун Лейлек районундагы Катраң айылында жарык дүйнөгө келген.

1969-жылы орто мектепти, 1973-жылы Жалал-Абад шаарындагы зооветтехникумдун «Ветеринария» факультетин аяктаган. Андан соң Лейлек райондук асыл тукум станциясында веттехниги, «Кулунду» колхозунун ветеринардык врачы, колхоздун комсомол комитетинин катчысы, Лейлек райондук агро-өндүрүш комплексинин профсоюз комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

1988-жылы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1989-жылы Лейлек райондук «Алга» (азыркы «Ата Журт») гезитинин бөлүм башчысы,

1992-жылдын декабрь айынан бери Лейлек райондук «Ата Журт» гезитинин башкы редактору болуп эмгектенип келет.

Чыгармалары республикалык «Жалын» жана «Учкун» альманахтарында, республикалык «Кыргызстан маданияты», «Эркин Тоо», «Кыргыз Туусу» гезиттеринде, «Ала-Тоо», «Тулпар» журналдарында жарык көргөн.

1989-жылдан Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун, 2004-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Беш перзенти бар. Улуу уулу Төрөкул Дооров - "Азаттык" үналгысынын кызматкери. Азыркы тапта ал Казак кызматынын директору. Эки уулу - Сүйөркул жана Исламидин - сүрөткерлер.

Сыйлыктары түзөтүү

2006 - жылы Кыргыз Республикасынын президентинин Ардак грамотасы,

2013 - жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2014 - "Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыктысы" төш белги ээси.

Чыгармалары түзөтүү

1998 - жылы Абдилаат Дооровдун "Миң тамыр"[1] ырлар жыйнагы жарык көрдү.

2010 - жылы "Гүл-гүл" үч саптык ырлар жыйнагы жарык көргөн. Ал тууралуу жылуу баасын берген акын Сооронбай Жусуев Абдилаат Алинин ырлары "бир жагынан карасаң, жапон хоккуларына окшоп кетет" деп жазган.

2014 - жылы "Ак булут" ырлар жыйнагы,

2018 - жылы "Мөл тунук" ырлар жыйнагы,

2020 - жылы Исхак Раззаков жөнүндө биографиялык “Исхак Раззаков - Аруулук асманы” китеби жарыкка чыкты.

Поэзия Фестивалы түзөтүү

Абдилаат Дооров Кыргызстанда уникалдуу поэзиялык фестивалдын 30 жылдан берки түзүүчүсү жана уюштуруучусу катары таанымал. "Лейлек Поэзия Күнү" деп аталган фестиваль жыл сайын 17-апрелде лейлектик акын Курбаналы Сабыровдун туулган күнүндө өтөт. Бул иш-чара жыл сайын чөлкөмдө жаңы акындардын ысымдарын чыгарып келатканы менен белгилүү.

Библиографиялык тизме түзөтүү

  • Дооров, Абдилаат Али. Гүл-гүл. Ырлар жыйнагы. Кыргыз тилинде. - Бишкек: Полиграфбумресурсы, 2010. - 185 бет. - ISBN 987-9967-25-900-3.
  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргызпатент.Түз.: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү