Достук (Ноокен району)

Достук, Ноокен району‎»‎ барагынан багытталды)

ДостукКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы кыштак. Достук айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Масы кыштагынан 60 км батыш тарапта. Шамалды-Сай темир жол бекетинен 5 км. Деңиз деңгээлинен 520 м бийиктикте жайгашкан. Калкы — 1248 киши (2023-жылы)[1]; негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Төрт орто мектеп, 2 китепкана, ФАП, 2 клуб, мончо бар. Дарыкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, 3 тегирмен, 2 автосервис, 2 май куючу жай иштейт.[2]

Отурукташкан жай
Достук
Район Кыргызстан
Координаттар 41°08′11″ с. ш. 72°09′13″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Борборунун бийиктиги 520 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 1248[1] адам (2023)
Сандык идентификаторлор
Достук (Ноокен району) (Кыргызстан)

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5