Дрессировка (фр. dresser үйрөтүү) көп ирет кайталоо жолу менен айбанатты акырындап татаалдашкан көнүгүүлөргө үйрөтүү. Үйрөтүлгөн айбанаттар көпчүлүктүн алдында көрсөткөн көнүгүүлөр да дрессировка деп аталат. Көнүгүүлөрдү үйрөтүү буйрук берилген кезде аны баш тартпай аткартуу милдетин камтыйт. Байыркы Чыгышта, орто кылымда Батыш Европада кыдырып жүргөн актёр-гистриондор, Азияда дорвоздор, орус ско_морохтору айбанаттарды үйрөтүшкөн. 19-кылымдын 20-30-жылдарында айбанаттарды чүмбөттөлгөн капастуу арабада кыдырып көрсөтүшкөн, 50-60-жылдарда айбанаттарды үйрөтүүчүлөр атайын цирктерде экзотикалык жаныбарлар менен иштей башташкан. Чүмбөттөлгөн капас арабанын ордуна цирктин манежинде бийик темир торлор колдонулган. Дрессировкадагы бул жаңы багыт А. Л. Дуровдун ысмы менен байланыштуу. Ал айбанаттарды интермедияларда жана репризаларда каарман катары пайдаланган. Экспериментчи-үйрөтүүчү В. Л. Дуров үй айбанаттарынан баштап, пилге чейин маанилүү элементтерди колдонуу ыкмасы менен манежде зоопарктык дрессировка программаларын аткарган. Мында ал үйрөтүүчү режиссёрдун милдетин аткарса, ал эми айбанаттар тилсиз достордун, төрт буттуу артисттердин ролун ойногон. Дуровдордун салты азыр да уланууда. Кыргыз циркинде КРдин эл арт. С. Урманбетов айбанаттарды үйрөтүүнүн чебери катары таанымал.

Колдонулган адабияттар түзөтүү