Дуван - Орто Азиядагы революцияга чейинки аймактын админ, бийлигинин аты.

Адегенде ал өкмөт кеңсесин, сот мекемесин түшүндүргөн. Саманилер заманында өкмөт эки бөлүктөн - даргах (эмир сарайы) жана Дувандан турган.

Кыргыз тилинде Дуван «уезд» деген мааниде колдонулган. Дуван кээ бир түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздарда да көп эл чогулган жыйын, көпчүлүк деген маанини да туюндурган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.