Дуралюмин, дюралюминий, дюраль (нем. Duren; Дюрен – куйманы өнөр жайлык жол менен алуу башталган шаардын аталышы жана алюминий) – алюминийдин Си (3–5 %), Mg (0,4—2,4%) жана Мn (0,3—1%) менен болгон куймасы. Дуралюмин – алгачкы кеңири колдонулган, деформациялануучу алюминий куймасы. Чыңалган дуралюминди табигый шартта эскирткенде, анын бекемдиги артары белгилүү болгон. Дуралюмин 500°Сна жакын температурадагы суюктукта чыңалат да, 4 сутка бою табигый шартта же 190°Сна жакын температурада жасалма түрдө эскиртилет. Ушундай термиялык жол менен иштетүүдөн кийин дуралюминдин ар түрдүү маркаларынын бекемдик чеги 400–500 Мн/м2га (40–50 кг/мм2) жетет. Үзгүлтүктүү куюу ыкмасы менен дуралюминден уютмалар алынат да, алар басым аркылуу (чоюп, созуп, ныктап жана башка) иштетилип, плита, калдыркан, түтүк, жоон зым жана башка даярдалат. Башка алюминий куймалары менен катар дуралюмин авиацияда, транспортто, машина курууда жана техниканын башка тармактарында кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1