Дхармакирти (7–8-к.(धर्मकीर्ति, dharmakīrti, тиб. ཆོས་ཀྱི་གྲགས་པ་ букв. «Сияние Закона»; кыт. 法稱), индиялык философ; буддист жана акын, йогачар мектебинин өкүлү. «Ньяя биндупранарана», «Праманавартика», «Праманавиниайя» жана «Хетубинду аталган» эмгектеринде Дигнагинин логикалык окуусун (таанып билүү заттардын өзүнүн эмес, алардын өз ара карым-катнашынын агылдырылышы, бул процесстеги «корутундунун» жана сөздүн ролу ж. б.) коргоп жана өнүктүргөн; бул окуу брахманисттик-индуистик салттардын жактоочулары тарабынан сынга алынган. Дигнагиден айрымаланып, Дхармакирти таанып билүү теориясын онтологиялык проблематикалар менен кайрадан байланыштырып объектиге форма берген сезимдин (өздүк сезимдин) маанисин баса белгилеген. Дхармакиртинин чечмелөөсүндө будда логикасы вайшейшикке, ньяяга, ведантка өз таасирин тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8