Дыйканбай Тойчубек уулу - кыргыздын дастан айтуучуларынан (жомокчу).

--Кыскача өмүр таржымакалы жана мурасы==

(1873, Түп району, Ой-Булак айылы - 1926, ошол эле жер) - семетейчи.
Көлдөгү белектин алдаяр уруусунан. Бир тууган иниси Алмамбет Тойчубек уулунун эскерүүсүнө караганда атасы Тойчубек сыяктуу Д. да «Семетей» эпосун айтканы өтө жашынан билинген. Бирок ал эпосту айтуу менен чектелбей, элдик ырларды чыгарган жамакчы-ырчы да болуптур. Бала ырчы аталып жүргөн кезинде бир дубана жолугуп, оозуна үч түкүрүп, кор болбо деп мандайынан сылап, Манасты айтып жүр деп айткан экен. Дубана даарганга чейин эле Д. эпосту айтып жүргөн. Д-дын жамакчылыгына Балыктын уулу Найманбай менен айтышы кирет. Мисалы, Д-га Найманбай:

Жай айтасың «Семетей»,
Кыш айтасың «Семетей»
Кийбейсиң бир башыңа
Алакандай бүтүн тебетей,

- десе

Мен ырдайын бугудан
Аркы атамды сурасаң,
Атаң эмес, нар деген,
Алтын эмес зар деген,
Мен белектин баласы,
Жашыман берди арбакты
Ырдап өттүм Семетей менен Манасты,

- деп кордошо турган болгондо эл тыйып коет.

Д. Солтонкул деген чоң байдын ашында жар чакырат. Ыры кордоо мүнөзүндө болгондуктан билермандары Д-дан мындан ары жар чакырып жамак айтуусун токтотуп, жомок гана айтууусун суранган. Мына ошондон баштап Д. жама айтып ырдаганын койгон экен.
Ал солто, сарыбагыш, Көл өөрөнүндө, Нарын, Атбашы ж.б. жерлерге барып эпос айткан учуру болгон. Д. кытай жериндеги черик уруусуна барып, «Манас» айткан. Үркүндө да кытайга кыргыздарга барып, эпос айтып жүргөн.

Д. чоң жомокчулардан Акылбек, Назар, Тыныбек, Сагымбай өндүүлөргө жолуккан. Тыныбек «Д-дын алдына Семетейди айтууда ак калпактуу кыргыздан эч ким чыга албайт»- деп эскериптир.