Карбоз Дыйканов (1922 - 1999) - Кыргызстандагы 20-кылымдагы көрүнүктүү тилчи окумуштуу, филология илимдеринин кандидаты (1955), профессор (1989), «Элге билим берүүнүн отличниги» (1970), «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» (1983), акын, СССР Жогорку Кеңешинен алган грамотасы, 2 орден, 9 медалы бар.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

1922-жылы советтик Кыргызстанда туулган.
1941-жылы Фрунзедеги Кыргыз пединститутуна кирет.
Экинчи дүйнөлүк согушка катышып, аба соккусу маалында жаракат алган. [1]
1949-жылы аталган пединститутту бүтүп, анын педагогика кафедрасына ассистент болуп калат.
1950-жылы СССР ИАсынын Кыргызстандагы филиалына аспирантурага өтөт.
Аспирантурада окуп жүрүп (1952-1954), Кыргызстандагы Республикалык эки жылдык партиялык мектепке кыргыз тилинен, анан Кыргыз ССР Тышкы иштер министрлигинде осмон түрк (Түркия) тилинен сабак берет.
1955 жылы Казак Республикасынын ИАсынын Тил институтунда «Кыргыз тилиндеги зат атоочтор» деген темада кандидаттык диссертациясын жактайт да, Кыргыз Республикасынын ИАнын Тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер болуп иштейт.
1956-1959-жылдары Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик сырттан окуу педагогикалык институтунда Кыргыз тили жана адабияты кафедрасын башкарат.
1964-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин кыргыз тил кафедрасына улуу окутуучу болуп которулат.
1968-жылы доцент, 1986-жылы аталган кафедраны башкарат, 1989-жылы кафедранын профессору.
1991-жылы Кыргызстан эгемендикке жеткенде өзгөчө кубанган. Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары макамын чыңдоо жаатында коомлук иш-чараларга үзбөй катышкан.
1999-жылы Бишкек шаарында каза болгон.

Илимий-педагогдук ишмердиги түзөтүү

Негизги илимий багыты - кыргыз тилинин тарыхы, фонетикасы, лексикасы болгон.
Профессор Карбоз Дыйкановдун «Кыргыз тилиндеги грамматикалык терминдердин сөздүгү» (1956, 1961), «Кыргыз тилиндеги үндүүлөр» (1959), «Манас» эпосунун жиги алфавиттик сөздүгү (1988, 21 миң сөз), «Кыргыз тилинин терс жана кери алфавиттүү сөздүгү» (1989, 40 миң сөз же 29 басма табак) деген жана башка эмгектери жарык кергөн.

Ал Кусейин Карасаев, Зыяш Бектенов сыяктуу устаттары менен чогуу иштеген.

К.Дыйканов 50 жылдан ашык илимий-педагогикалык ардактуу, татыктуу жана узак тилчилик жолунда кыргыз тилинин ар кандай маселелерине байланыштуу 300 басма табактан ашык 50гө жакын китебин чыгарды.

Үй-бүлөсү түзөтүү

Кызы Чолпон Карбозова - профессор, окумуштуу.

Уулу Салмоорбек Карбозов - саясатчы, "Асаба" партмясынын жетекчиси. [2]


Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • филология илимдеринин кандидаты (1955), профессор (1989),
  • «Элге билим берүүнүн отличниги» (1970),
  • «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» (1983),
  • СССР Жогорку Кеңешинен алган грамотасы, 2 орден, 9 медалы бар.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси түзөтүү

  • Карбоз Дыйканов. Киргизский язык в таблицах. - Ред. А. Джапаров; Кирг. гос. ун-т им. 50-летия СССР. - Алма-Ата: Без изд., 1990. - 399 с.
  • «Кыргыз тилиндеги грамматикалык терминдердин сөздүгү» (1956, 1961),
  • «Кыргыз тилиндеги үндүүлөр» (1959), «Манас» эпосунун жиги алфавиттик сөздүгү (1988, 21 миң сөз),
  • «Кыргыз тилинин терс жана кери алфавиттүү сөздүгү» (1989).

Колдонулган адабият түзөтүү


  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9
  • Асанов У.А., Жуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий исторический и био-библиографический свод / Отв. ред. У.Асанов. – Бишкек: Центр госязыка и энциклопедии, 2002. – 544 с., илл. - ISBN 5-89750-142-4.


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Макалага ички шилтемелер түзөтүү

  1. http://www.sayasat.kg/kg/aldyn-ala-taldoolor/23754-тил-–сандыка-сактап-коюп,-кайра-пайдалана-бергендей-буюм-эмес.html
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 4 -август (баш оона) 2017. Түп булактан архивделген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2013.