Дэвид Гаррик - (19. 2. 1717, Херефорд 20. 1. 1779, Лондонго жакын Элтрон) актёр, театр ишмери, драматург, сынчы. Чыгармачылыгын спектаклдерге сын макалаларды жазуудан баштаган. Актёр катары «Гудменс Филдс» театрында пантомимада Арлекинонун ролунда сыналган. Ричард Шнүн ролун аткаруу менен Англиядагы алдыңкы актёрлордун катарына кошулган. «Друри-Лейн» театрында да атактуу ролдорду ойногон: король Лир жана Гамлет (1742), Макбет (1744). Францияга жана Италияга саякатынан кийин Европага атагы чыккан. Искусствону жогору баалаган, атактуу агартуучулардын (Дидро, Гольбах, Гримм) сахна искусствосундагы теориялык иштерин үйрөнгөн. Гарриктин сөөгү Вестминстер аббаттыгында, Шекспирдин бюстунун түбүнө коюлган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү