Дүйнөлүк университеттердин Times рейтинги

Дүйнөлүк университеттердин Times рейтинги (англ. Times Higher Education World University Rankings) – Times Higher Education журналынын университеттер рейтингинин жылдык жарыялоосу. Басып чыгаруучу Quacquarelli Symonds (QS) компаниясы менен биргелешип, жаңы методология үчүн Томсон Рейтер компаниясына өткөндөн мурун, 2004-2009-жылдар арасы, THE–QS Дүйнөлүк университеттердин рейтингин чыгарган. Учурда рейтингтин ичине жалпы дүйнөлүк, тематикалык жана репутация рейтингтери кирет жана мунун жанында үч аймактардын, Азия, Латын Америка, БОИКТ жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөр тизмектери ырааттуу методологиясы менен чыгарылат. Times Дүйнөлүк университеттердин академиялык рейтинги менен QS рейтинги катарына кирип, эң көп окулган университеттер рейтингтеринин бири болуп саналат. Жаңы жакшырылган методологияга өтүүсү жогору бааланган рейтингтин жалпы билим берүүсү англис тилинде болгон окуу жайларды кароосу жана коммерциялаштырылгандыгы сынга алынган.

Методология түзөтүү

2010-2011-жылкы биринчи методологиясына беш категорияга бөлүнгөн 13 айрым көрсөткүчтөр кирген: окутуу (жыйынтык упайдан 30%), изилдөө (30$), шилтемелер (изилдөөлөрдүн жыйынтыгында) (32,5 пайызга), эл аралык аралашма (5%), сектордук кирешеси (2,5%). Көрсөткүчтөрдүн саны Times-QS рейтингтердин 2004-2009-жылдар арасында жарыялаган тизмелеринен улам өскөн, анын ичине алты көрсөткүчтөр кирген. Биринчи методологиянын долбоору 2010-жылдын 3-июнунда чыккан. Долбоордо болочокто 16 көрсөтмөгө чыга турган 13 көрсөтмөлөрдүн пайдалануусу көрсөтүлгөн жана көрсөткүчтөрдүн категориялары “изилдөө көрсөткүчтөрү” (55%), “институционалдык көрсөткүчтөрү” (25%), “экономикалык иш-чаралар/жаңылык” (10%) жана “эл аралык ар түрдүүлүк” (10%) катары жазылган. Категориялардын аталышы жана ар бирөөнүн коэффициенттери 2010-жылдын 16-сентябрында жарыкка чыккан акыркы методологиясында өзгөрүлтүлгөн. Акыркы методологияга 13 көрсөткүчтүн коэффициенттери да кошулган, мисалы:

Жалпы көрсөткүч Жеке көрсөткүч Пайыздык коэффициент
Сектордук киреше - инновация
  • Сектордук изилдөө кирешеси (ар бир окутуучуга)
  • 2.5%
Эл аралык ар түрдүүлүк
  • Эл аралык жана жергиликтүү окутуучулардын сан катнашы
  • Эл аралык жана жергиликтүү окуучулардын сан катнашы
  • 3%
  • 2%
Окутуу - билим берүү чөйрөсү
  • Репутация сурамжылоосу (билим берүү)
  • Философиянын доктору наамы (ар бир академиялык жыл)
  • Жыл сайын кабыл алынган окуучулар
  • Академиялык киреше
  • Философиянын доктору наамга/дипломго ээ болгондор
  • 15%
  • 6%
  • 4.5%
  • 2.25%
  • 2.25%
Изилдөө - көлөм, киреше жана репутация
  • Репутация сурамжылоосу (изилдөө)
  • Изилдөө кирешеси (жайылтылган)
  • Ар бир изилдөөчү жана окутуучу жазган илимий баяндамалар
  • Мамлекеттик изилдөөлөрдүн кирешеси/жалпы изилдөөлөрдүн кирешеси
  • 19.5%
  • 5.25%
  • 4.5%
  • 0.75%
Шилтемелер – изилдөөлөрдүн таасири
  • Шилтемелердин таасири (ар бир кагаздагы ченемге келтирилген орточо шилтеме)
  • 32.5%

Шилтемелер түзөтүү