Таштан Дүйшемалиев

Дүйшемалиев, Таштан‎»‎ барагынан багытталды)

Дүйшемалиев, Таштан (1923-жылы туулган, Чүй облусу, Кант району, Карагайбулак айылы) – тарых илимдеринин доктору (1969), проф. (1972). 1950-ж. Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. 1950–72-ж. Кыргызстан ИАнын Тарых институтунда кенже, улук илимий кызматкер. 1972–83-ж. К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айыл чарба институнда КПСС тарыхы кафедрасынын профессор, 1983-жылдан Кыргызстан ИАнын Тарых институнда улуу, жетектөөчү илимий кызматкер. Анын илимий эмгектери Кыргызстандын айыл чарбасын изилдөөгө багытталган. Ал 90го жакын (анын ичинен 8 монография) илимий эмгектин автору.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.