Дөңбаев Жеңиш

Дөңбаев, Жеңиш‎»‎ барагынан багытталды)

Дөңбаев Жеңиш (12. 07. 1945-жылы туулган, Талас району, Кең-Арал айылы) спортчу, СССР спортунун эркин күрөш боюнча чебери (1967), эмгек сиңирген машыктыргыч (Кыргыз ССРнин, 1985; СССРдин, 1991), Кыргыз Республиканын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (2002). Республиканын бир нече жолку, «Буревестник» спорт коомунун борбордук кеңеши менен СССР профсоюздарынын 9-спартакиадасынын (1969) чемпиону. 1969-ж. Бишкек политехника институтун бүтүргөн. 1969-72-жылдары эркин күрөш боюнча СССР курама командасынын мүчөсү болгон. 1970-91жылдары Республиканын спорт мектептеринде күрөш боюнча машыктыргыч болуп эмгектенген. 1991-96-жылы Республиканын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыргычы, 1996-99-жылы аны жетектеген. 1999-жылдан адистештирилген «Олимпия резерви» мектебинин директору (күрөш жана бокс боюнча). Ал ондогон чебер балбандарды (К. Өмүралиев, Ч. Изабеков, Н. Изабеков, И. Тазабеков, М. Бобурбеков, А. Төрөгелдиев жана башка) даярдап чыгарган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү