Жөөтөр

Еврейлер‎»‎ барагынан багытталды)
Жөөтөр
Азыркы аталышы Майбаш‎
Калктын саны Дүнүйө дө жөөт деген эл жок
Отурукташкан жерлери Эч жерде жок





Тили Бакшы тилдери: иврит, орус, англис, француз

Тарыхый тилдери: идиш, ладино, еврей-араб диалектери

Ыйык тилдери: байыркы еврей тили, арамей

Дини иудаизм
Курамына кирет семиттер
Этникалык топтору ашкеназдар, сефардар
Келип чыгышы байыркы жөөтөр, арамейлер, финикийлер


Жөөттөр (Еврей) (өздөрүн йегудим, идн деп аташат) – эл, Асрайылдын негизги калкы. АКШ, Франция, Орусыя, Украйна, Улуу Британия, Аргентина, Канада, Бразилия, Беларуссия, Венгрия, Бельгия, Италия, Нидерланд, Германия, Молдавия, Иран, Мексика, Австралия, Швейцария, Румыния, Индия, Түркия, Уругвай, Чи­ли, ТАРда да жашашат. Жалпы саны 13,3 млн киши, анын ичинде Асрайылда 5,4 млндой (2006). Жөөттөр иврит, идиш, ошондой эле жашаган аймактагы жергиликтүү калктын тилинде сүйлөшөт. Негизинен иудаисттер. Жөөттөр диаспорада ашкеназ жана сефард болуп бөлүнүп, 2-дүйнөлүк согуш алдында ашкеназдар калктын 90%ин түзгөн. Жөөт этносу биздин заманга чейин 2-миң жылдыкта Ханаан (азыркы Асрайыл) аймагында калыптанган. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыкта байыркы жөөт мамлекеттери – Асрайыл жана Иудея падышалыктарын Ассирия (биздин заманга чейин 722-ж.) жана Вавилония (биздин заманга чейин 586-ж.) багындырган соң, жөөттөр дүйнө жүзүнө жер которуп, тарап кеткен. Жөөттөрдүн бир бөлүгү Ж. Чыгыш, Түндүк Африка жана Түштүк Европа, анын ичинде байыркы түрк мамлекети Хазар кагандыгынын аймактарына отурукташкан. Орто кылымдарда жөөттөр Европа менен Азия аймактарына көчүп келип, жергилитүү калктар менен аралашса да, өздөрүнүн динин, маданий-тиричиликтик өзгөчөлүктөрүн сактап калган. 2-дүйнөлүк согуш убагында гитлерчилердин жөөттөрдү кырып-жоюуга багытталган саясатынын негизинде 6 млн чамалуу жөөттөр набыт болгон. Согуштан кийин европалык жөөттөрдүн көпчүлүгү АКШ жана башка өлкөлөргө кетүүгө мажбурланган. 1948-ж. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын чечими боюнча Асрайыл жөөт мамлекети түзүлгөн. Шаар жериндеги жөөттөр дубал менен курчалган кварталдарда (гетто, жудерия, меллах, махалля) жашашкан. Жөөттөрдүн синагогия ибадатканасы, ырым-жырым мончосу (миква) болгон. Эркектер туника типтүү көйнөк, кара шым, дуба окууга ылайык саймаланган костюм (талит, талес, арбаканфес), узун чапан, кафтан (лапсердак), башына атайын баш кийим (кипа, ермолка) кийип, маңдайына бир тутам чач өстүрүп, сакал коюшат. Аялдар башына кепчач киет. Тамак-ашы – негизинен ун, балык, куш эти. Жөөттөр 19-кылымдын 2-жарымында, өзгөчө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Кыргызстанга көчүп келе баштаган. Учурда өлкөбүздө 1,5 миң жөөт жашап, ар кайсы тармакта эмгектенет. 1990-ж. Кыргызстан Жөөт маданият коому – «Менора» (демилгечи Эсфирь Серебро, 1996-жылдан төрагасы Б. М. Шапиро) түзүлгөн. Жөөт мектептери, «Хэсэд Тиква» фонду, синагогия коому иштеп, «Мааян» гезити чыгарылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1