Жангазы Еренчиев

Еренчиев, Жангазы‎»‎ барагынан багытталды)

Жангазы Еренчиев — 1910-жылы Казакстандын Тау-Челек өрөөнүндө туулган. Кичи энеси Бостери айылынын кызы болгондуктан Ысык-Көл өрөөнүңдөгү боордош кыргыз туугандар менен карым-катнашта жашашкан. Аталары оокаттуу, мал-жандуу болгондуктан коллективдештирүү мезгилинде "эл душманы" делинип, репрессиянын курмандыгы болушат. Бул алааматтан чочулаган Еренчи эки иниси менен үй-бүлөөсүн алып Кыргызстанга келет. Артта эжесин алып келе жатып, Жангазы "кулактын баласы" катары кармалып, 17 жашында Алматы калаасында түрмөгө камалат. Бул учурда түрмөдө ич келте оорусу күч алып жаткан. Ооруга чалдыга электе ошол жерде бирге болгон адамдар аны аяп, боорукерлик кылып абактан качырышат. Көрбөгөн азабы калбай, Ысык-Көлгө жөө келет. Бостери айылында ата-энеси, бир туугандары менен күн кечирип жаткан мезгилде, Түп районунун Кудургу айылына туугандары Казакстандан көчүп келгенине байланыштуу, ал айылга келип, Кудургу айылын мекендеп калат. 1932-жылдан баштап Кудургу айылында крахмал чыгаруучу заводдо иштейт. 1941-жылы Улуу Ата-Мекендик согуш башталганда Советтик Армиянын катарына кошулуп, майданга аттанат. Аскерде жоокердик кызматты так аткаргандыгы үчүн Огадинградды, Харьков шаарларын бошотуу боюнча, Грот дарыясын алуу боюнча, Кировоград, Мишколец, Будапешт, Плишивец, Зволен шаарларын бошотуу боюнча, Нитро, Годнин, Турдо, Клуж, Яссы жана Трансильвания шаарларын бошотууга катышкандыгы үчүн Советтер Союзунун Жогорку Аскер башчысы, Советтер Союзунун маршалы И.В. Сталиндин буйругу менен 15 ыраазычылык алган. "Кызыл Жылдыз" ордени. "Сталинградды бошоткондугу үчүн", "Киевди бошотуу үчүн", "Варшаваны бошотуу үчүн", "Будапешти бошоткондугу үчүн" бир нече медалдары менен сыйланган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Инсандар таржымалы .Бишкек 2007-ж.