Жашыл-Көл көлдөр тобу

ЖАШЫЛКӨЛ‎»‎ барагынан багытталды)

Жашыл-Көл көлдөр тобу – Ара-Бел сыртынын батыш бөлүгүндө, Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы Барскон суусунун өтмө өрөөнүндө жайгашкан.

  1. Эң ириси Барскон ашуусунан 1,5 км түштүк тарапта. Деңиз деңгээлинен 3780 м бийиктикте. Узундугу 2,1 км, аянты 0,8 км2. Көлөмү 2,18 млн м3. Эң терең жерп 15,5 м. Жогору жана төмөн жагынан чакан көлмөлөр менен өзөн аркылуу туташат.
  2. Андан 600 м түштүк тарапта экинчи көл жайгашкан. Жогорку көлдөн агып чыккан суу менен толукталып турат. Ара-Бел суусу да ушул көлгө куят. Аянты 0,1 км2, көлөмү 0,2 млн м3, эң терең жерп 2,8 м.
  3. Барскон ашуусунан 9 км түштүк-чыгыш тарапта, Ара-Бел суусунун өрөөнүндө, 3752 м бийиктикте жайгашкан. Көлдөн агып чыккан суу майда көлмөчөлөргө куят. Аянты 0,54 км2, көлөмү 0,857 млн м3, эң терең жерп 4,8 м.
  4. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы тепши сымал өрөөндө, деңиз деңгээлинен 3840 м бийиктикте жайгашкан чакан көл. Аянты 0,657 км2, көлөмү 4,03 млн м3, эң терең жерп 15 м. Жалпысынан Жашыл-Көл көлдөр тобу моренадан пайда болгон. Көлдөрдө балык бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5