Жазы аталыктуу мандалак (лат. Tulipa platystemon), (Vved.) - Пияз түптүү, көп жылдык, кыска вегетациялуу, чөп өсүмдүк, геофит, ксеромезофит. Пияз түбү жумуртка сымал, диаметри 2 см ге чейин жетет, кызгылтым-күрөң ички кабыктуу, учунда жана түбүндө нык жапырылган түктүү. Сабагынын гүл сабы менен кошо бийиктиги 17 см, түксүз. Жалбырактары 4 даана, түксүз, бириккен эмес, төмөнкүлөрү имерилген; эң төмөнкүсү сызгычтай-ланцеттүү, туурасы 2 см. Гүлү 2, гүл коргонунун желекчелери сары, узуну 4 см, учу томолок, сырткыларынын жону сыя темгилдүү, сүйрү ромбдой, ичкилери тескери карай сүйрү. Аталыгы гүл коргонунан 2,5 эсе кыска; аталык жипчеси түксүз, ортосунан жогорураак кеңейген, эки учуна ичкерээк, чаңдыгы сары, жипчесинен бир аз узун. Энелиги аталыгынан 2 эсе кыска, отурган чаңалгычтуу.

Биологиялык өзгөчөлүктөрү түзөтүү

Июнда гүлдөп, мөмөлөөсү боюнча маалымат жок.

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Алай тоо кыркасы (Сарыбий ашуусу).

Өсүү шарттары түзөтүү

Маалымат жок.

Саны түзөтүү

Маалымат жок.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Түр өскөн аймактарда адамдын чарбачылык иш аракеттери, жазында мал жаюу, гүлүн үзүп, пияз түптөрүн казып алуу.

Өстүрүү түзөтүү

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Иштелип чыкпаган.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Популяциясына иликтөө жүргүзүп, түр кеңири таралган жерлерде ботаникалык заказниктерди уюштуруу. Гүлүн үзүп, пияз түбүн чогултуп, мал жаюуга тыюу салуу.

Статусу түзөтүү

VU. Алай тоо кыркасынын чукул эндеми.

Колдонулган адабияттар түзөтүү