Жайлообаев Назармат - (1891, Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Баймак айылы – 14.12. 1983, ошол эле жер) – алгачкы агартуучулардан, Эл агартуунун отличниги (1936). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген. мугалими (1946). Кокон шаарынан арабча билим алган. 1911-ж. Мончок-Дөбө айылындагы мечитте имам болуп, балдарды арабча окуткан. Бишкектеги педагогикалык техникумду бүтүргөн (1932). 1924–34-ж. Ала-Бука районундагы Өрүктү, Кызыл-Ата айылдарында мектеп ачкан. Кызыл-Жар райондук элге билим берүү бөлүмүндө инспектор (1934), Ала-Бука районундагы мектептерде мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы, мектептин директору (1934–60) болгон. Ал тарыхый материалдарды, эски китептерди жыйнап («Раузатул сафа», «Тарихи Надира», «Мажму ат-таварих» жана башка), Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. Айылындагы мектепке ысмы ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1