Жаккар машинасы – токуу станогуна орнотулуп, кездемеге кооз түр жана сүрөт салып токуу процессин автоматташтыруучу механизм. Жаккар машинасын 1801-ж. француз токуучусу жана механиги Жозе-Мари Жаккар (1754–1834) ойлоп чыгарган (аты ошондон). Бул машинада кездеменин бетине чексиз түр салып токууга болот. Мында ар бир жипти же алардын бир тобун алып жүрүүчү 100дөн 1000ге чейин илгич орнотулат. Жип илгичтин саны канчалык көп болсо, кездеменин бетине ошончолук татаал түр түшүрүүгө мүмкүн. Жаккар машинасы кооз кездеме, дасторкон, килем жана башка буюмдарды токууда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1