Жаныбек Жакыпбеков

Жакыпбеков Жаныбек‎»‎ барагынан багытталды)

Жаныбек Жакыпбеков (1946, Чүй облусу, Панфилов району, Кум-Арык айылы) – Кыргызстандагы заманбап тарыхчылардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор. 1916-жылкы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн тарыхнаамасы боюнча бараандуу адис.

Кыргыз тарыхчысы, профессор Жаныбек Жакыпбеков. Бишкек шаары. 23.2.12.

Өмүр баяны түзөтүү

Жаныбек Жакыпбеков 1946-жылы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Кум-Арык айылында мугалим Жакыпбек Кожобек уулунун үй-бүлөсүндө туулган. Теги - кыргыздын накай уругунан. Жаныбек - үй-бүлөнүн тун баласы.

Анын атасынын агасы Чалаке Кожобек уулунун бир уулу Мурат Кожобеков да тарыхчы илимпоз.

Жаныбек туулуп-өскөн айылындагы орто мектепти аяктаган.

Советтик Армиянын катарында (1972-1974 ж.ж)кызмат өтөп, Чыгыш Германия (ал кездеги ГДР) жергесинде болгон. Улук лейтенант даражасына жеткен.

1974-жылдан баштап Кыргыз Улуттук университетинин тарых факультетинде СССР тарыхы кафедрасында эмгектене баштаган.

КУУнун ар кыл кафедраларында иштеген.

Учурда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин байыркы жана орто кылымдардагы Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы.

Революцияга чейинки XIX к.-XX к. башындагы Кыргызстандын тарыхы жана тарыхнааамасы (историяграфия) боюнча белгилүү адис.

Анын изилдөөлөрү Кыргызстандын Орусияга каратылышынан кийинки мезгилдеги улуттук-боштондук кыймылдын тарыхнаамасына арналган.

Улуу Үркүндүн тарыхнаамасы боюнча бир катар заманбап иликтөөлөр жүргүзгөн.

Ал 120дан ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 3 монографиянын жана бир нече окуу колдонмолорунун автору.

2013 жылы профессор Ж. Жакыпбеков Кыргызстандын оторчулук доорундагы социалдык-экономикалык жана саясий кырдаалынын тарыхнаамасынын маселелери боюнча докторлук диссертациясын жактаган.

Үй-бүлөсү түзөтүү

 
Кыргыз акын, жазуучу жана драматург айымы Керез Зарлыкова. Бишкек шаары. 23.2.12.

Жубайы – белгилүү кыргыз калемгер айымы, акын, жазуучу, драматург Керез Зарлыкова.

Жолдошу тууралуу акын Керез Зарлыкова айым 2010-жылы “Кыргыз руху” гезитине мындай деген:

Жолдошум Жаныбек Жакыпбекович азыр университеттин тарых факультетинин кафедра башчысы, профессор. Ал тарых факультетинде Лениндик стипендия менен окуган алдыңкы студенттерден болчу. Азыр "Сен мени сүйбөй эле ырларымды сүйдүң" деп тамашалап калам. Чынында анын мени тааныганы ырларым аркылуу болгон, андан кийин көрүп, таанышып, мага жакшы китептерди алып келип берип, сын деген эмне экенин биле элегимде "Ала-Тоо" журналын алып келип берип ушул сындарды оку, ансыз өспөйсүң деп турчу... Ал төртүнчү курстун студенти, мен биринчи курстамын, анын үстүнө Лениндик стипендияны алган жигиттен ыйбаа кылып саламдаша да алчу эмеспиз. Бирок ал мага өзүнүн камкордугу, чыгармачылыкты аздектеп сүйгөнү, кадырлаганы менен жагып алды”.

 
Жубайлар Жаныбек жана Керез. Бишкек шаары. 23.2.2012.

Төрт балалуу, бир нече неберелүү болушту.

Кичүү кызы Паризат – журналист жана укукчу.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Кыргыз Республиканын Элге билим берүү системасынын мыктысы (отличниги)

Чыгармаларынын чакан тизмеси түзөтүү

  • Историография проблем истории Кыргызстана второй половины XIX - нач. XX вв. (опыт, перспективы изучения). – Бишкек, 2013.
  • Проблемы советской историографии восстания 1916 г. в 20-30-х гг. ХХ в. // Россия – Кыргызстан: на пути интеграции. – М.,2010 – № 2.
  • Социально-экономическое и политическое развитие Кыргызстана во второй половине XIX - начале ХХ веков: Историография проблемы. – Б., 2003. – 287 с.
  • http://www.ia-centr.ru/expert/12681/ Archived 2016-03-06 at the Wayback Machine

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы: энциклопедия. Бишкек, 2003.
  • Чоротегин Т.К., Молдокасымов К.С. Кыргыздардын жана Кыргызстандын кыскача тарыхы: (Байыркы замандан тартып бүгүнкү күнгө чейин): Тарыхты окуп үйрөнүүчүлөр үчүн. – Бишкек, 2000. – (Краткая история кыргызов и Кыргызстана. На кыргызском языке. Со-автор кандидат исторических наук Кыяс Молдокасымов). (ISBN 9967-00-001-5). – 160 стр.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Жубайы тууралуу интернеттеги шилтемелер түзөтүү