Жалбырак жайгашуу, филлотаксис – жалбырактын сабакта жайгашуу тартиби. Ал өркүндүн түзүлүшүнүн симметриясын чагылдырат. Өсүү конусундагы жалбырак түйүлдүгүнүн орун алышына көз каранды, демейде систематикалык белги болуп эсептелет. Жалбырак сабакка күн нуру жакшы тийгидей ыңгайланып жайгашат. Жалбырак жайгашуунун 3 түрү белгилүү. Ке­зектешип жайгашууда сабактын ар бир муунуна бирден жалбырак (кайың, күн карама, ит мурун), тушташ жайгашууда ар бир муунда экиден жалбырак өсүп, жалбырактарынын бири экинчисинин каршысына орношот (сирень, зараң), чалгычтай же тегерек жайгашууда муунда үч же андан ашык жалбырак жайгашат (элодия, кырк муун, рута).

филлотаксис.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1