Муса Жалил

Жалил Муса Мустафович‎»‎ барагынан багытталды)

Муса Мустафович Жалил - (Жалилов, Залилов) (2. 2. 1906, Татарстан, Мустафин кыштагы – 5. 8. 1944, Берлин) – татар акыны, Советтик Союзунун Баатыры (1956, өлгөндөн кийин).

ММУнун адабият факультетин бүтүргөн (1931). ВЛКСМ БКнын татар балдар журналынын редактору (1931–41). Чыгармачылыгы 1919-жылдан башталган. 1925-ж. алгачкы «Биз баратабыз» деген ырлар жана поэмалар жыйнагы чыккан. «Өткөн жолдор» (1924–28), «Эпкиндүү партизан» (1930), «Кат ташыгыч» (1940) жана башка ырларында ошол кездеги жаштардын эпкиндүү эмгегин даңазалаган. «Алтын чач» (1941; СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) жана «Ильдар» (1941) операларына либретто жазган. «Маобит дептери» ырлар цикли (1957, Лениндик сыйлыгы) – адамдардын каармандыгынын жана туруктуулугунун гимни. 1968-ж. ал жөнүндө «Маобит дептери» аттуу фильм тартылган. 1942-ж. жарадар болуп туткунга түшкөн. Фашисттик түрмөдө өлтүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1