Жаманбаева Тамара (14.5.1943-ж. т., Нарын ш.) — Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1989), Кыргыз Республикасынын эл артисти (2008).

Тамара Жаманбаева
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Тамара Жаманбаева
Туулган жылы: 14-май 1943-жыл
Туулган жери: Нарын шаары, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: журналист, диктор, алып баруучу
Наамдары:

КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын эл артисти


Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн алгачкы, Ошондой эле таланттуу алып баруучуларынын бири.
1959-ж. Бишкек медицина окуу жайын, 1968-ж. КМУнун журналистика факультетин бүткөн.
1959-ж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетине диктор-стажёр болуп кирип, жогорку категориядагы дикторлукка чейин жеткен, 1974—88-ж. программа боюнча директордун орун басары, Борбордук телевидениеге жана Бүткүл союздук радиого информация даярдоо редакциясынын башкы редактору.
1988—92-ж. Ош облустук телерадио комитетинде башкы редактор, төрайым, 1992—94-ж. Кыргыз Республикасынын улуттук телерадиокомпаниясында программа боюнча дирекциянын башкы директору, 1994—95-ж. вице-президенти, 1996-жылдан "Замана" чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесинин директору, продюсери.
Бир катар телефильм, көрсөтүүлөрдүн автору. СССРдин телевидение жана радиосунун отличниги. Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

Тамара Жаманбаева: "Экранга бергенимден бере элегим көп эле…"(жеткиликсиз шилтеме)