Акын Жазгүл Жамангулова Нарын районунун Миң-Булак айылында 1983-жылы 2-майда туулган.

Жазгул Жамангулова
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жазгул Жамангулова
Туулган жылы: 1983-жылдын Бугу айынын 8
Туулган жери: Миң Булак айылы, Нарын,Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: Акын
Жанры: Ырлар

2000-жылы Токтогул Байсалов атындагы орто мектепти, 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2004-2006-жылы «Азаттык» үналгысынын жаштар бөлүмүндө кабарчы, 2006-2007-жж. Кыргыз телерадиокомпаниясында кабарчы, 2007-жылдан «Азаттык» үналгысынын аймактык кабарчысы болуп эмгектенип келет.

Бир катар адабий конкурстарга катышып, 2006-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият министрлиги тарабынан өткөрүлгөн «Рухтун-100 долбоору» сынагында, жаш акындар арасынан I даражадагы диплом менен сыйланган. 2008-жылы акын Жолдошбай Абдыкалыков атындагы адабий сыйлыктын дипломанты, КМШ өлкөлөрүнүн жаш акындарынын арасында өткөрүлгөн «Шериктештиктердин дебюттары» эл аралык сыйлыгынын жеңүүчүсү болгон.

2001-жылдан жаштардын республикалык «Нурборбор» бирикмесинин, 2005-жылдан «Калемгер» адабий клубунун жана 2009-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китеби түзөтүү

  • Доор ыйлайт: Ырлар.  Б.: Бийиктик, 2008.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары/Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)/Түзүүчүлөр: М. Ааматов, А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: 2011. Т.2 – 456 б. ISBN 978-9967-26-379-6