Жаманкулов, Жанат Медетович

Жаманкулов Жанат Медетович (12.8. 1952-ж. т., Москва району, Александровка айылы) — Нарын мамлекеттик университетинин 1-ректору.
1974-ж. Мичурин мамлекеттик педагогикалык институтун, 1986-ж. Ташкен жогорку партиялык мектебин, 1990-ж. Москвадагы КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын аспирантурасын бүткөн.
Тарых илимдеринин кандидаты (1990). Мектепге мугалим, комсомолдук жана партиялык кызматтарда иштеген.
1991—92-ж. Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясында референт, 1992—94-ж. Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы, 1994—96-ж. Билим берүү жана илим министринин орун басары, 1996-жылдан НМУнун ректору.
Илимий-методикалык мүнөздөгү 20 макаланын автору. Илимий ишинин негизги багыты тарых-политология боюнча. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990—95). Билим берүү отличниги (1996). Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.