Жанр (французча  genre – түр) – көркөм сүрөт искусствосунда – белгилүү бир темалардын айланасында чектелген көркөм өнөр тармагын мүнөздөөчү түшүнүк. Ж. негизинен тарыхый жанр турмуштук жанр, согуштук жанр, о. эле портреттик, пейзаждык, натюрморттук жанр деп бөлүнөт. Ж. түшүнүгү XV–XVI кылымдарда пайда болгон жана бул көркөм искусство прогрессине байланыштуу. Көркөм искусствону ар кандай Ж-ларга бөлүү көркөм искусствонун турмуштук чындыкты терең үйрөнүүсүнө жана чагылдырылышына шарт түзгөн, ошону менен бирге буга керектелүүчү каражаттарды иштеп чыгарган жана өнүктүргөн. Азыркы учурдагы Ж. түшүнүгү станоктук живописте өзгөчө өнүккөн, к. Станоктук көркөм искусство макаласын. Скульпторлукта Ж-га бөлүү дээрлик жокко эсе, себеби бул жерде классификациянын негизине тематикалык принцип эмес, көбүнчө скульптуралык чыгарманын максатка ылайыктуулугу эске алынат, бирок тематикалык портрет Ж-ы толук сакталууда. Ж. түшүнүгү – тарыхый категория. Көркөм өнөрдүн тарыхый өсүш процессинде калыптанган Ж. түшү­нүгү олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болот. Кээ бир Ж-лар жоюлуп кеткен (мисалы, мифологиялык жанр). Дифференциациянын натыйжасы катары жаңы Ж-лар (мисалы, пейзаждык Ж-дын өзгөчө түрлөрү катары архитектуралык пейзаждын жана маринанын пайда болушу), синтездик кошунду мүнөздөгү жаңы Ж-лар (мисалы, турмуштук Ж-дын пейзаж менен айкалышы, топтук портреттин тарыхый Ж. менен айкалышы жана башкалар) пайда болот. Сөз колдонууда Ж. термини кээ бир учурда турмуштук жанрдын кыскача аталышын түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү