КЫРГЫЗСТАН ЖАШТАР СОЮЗУ (КЖС), (Ысыккөл клубу) 1988-жылдын декабрында Каракол шаарында уюшулган. КЖС алгач формалдуу эмес, жаштардын коомдук-саясий кыймылы катары түзүлгөн. Негизги максаттары маалымдуулукту жана демократияны күчөтүү, кыргыз элинин улуттук кызыкчылыктарын коргоо жана улуттук аң-сезимди өнүктүрүү, Кыргызстандын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүү. Курамы жаш интеллегенттерден, студенттерден жана жаш жумушчулардан турган. Алгач саясий аренага 1989-ж. 22-январда «жер-суулардын тарыхый аттарын калыбына келтирүү жана кыргыз тилине мамлекеттик статус берүү талабы менен чыккан, жыйынга 400дөн ашуун адам катышкан. 1989-ж. февралда КЖСтин 180 туруктуу мүчөсү жана активисттери болгон. КЖС өз ишмердүүлүгүн Бишкекте жана Ошто таратууга аракет кылган. Каракол шаарында жана Бишкекте активдүү үгүт иштерин жүргүзүп, Прибалтика республикаларынын гезиттерин өз алдынча көбөйтүп таркатышкан. Ысык-Көл областтык партиялык жана советтик жетекчилердин куугунтуктоосунун жана кысымынын кесепетинен КЖС Ысыккөл областтык комсомол уюмунун алдындагы «Ысыккөл» клубуна айланууга аргасыз болгон. 1989-ж. кыргыз тилине мамлекеттик статус берүү жөнүндө мыйзамды колдоого 20 миңден ашуун кол чогулткан. Ушул эле жылдын сентябрынан баштап «Ашар» кыймылын колдоодо Ысыккөл аймагында үгүт иштерин жүргүзүүгө жана каражат топтоого көмөктөшкөн. 1990-ж. Кыргызстан Демократиялык кыймылын түзүүгө активдүү катышкан жана анын курамына коллективдүү мүчө катары кирген жана ушуну менен өз алдынча коомдук кыймыл катары ишмердигин токтоткон. КЖСнын төрагасы Ылаев Таалайбек болгон.                                                                                                                                      ==Колдонулган адабият==

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б Categqry;Кыргызстан тарыхы