Жыгач буюму. Ал — чөйчөк сыяктуу тегерек, же сүйрүлөнүп, ичи ичтүү жасалат. Кармоого эптүү жумуру сабы бар тамекинин жалбырагын назыбай кылып ийлей турган идиш. Мунун узуну бир жарым карыштай, жалбыракты ийлөөгө оңтойлуу чуңкурчалуу торчолонгон жумуру таякчасы болот. Ана жанаяктын «баласы» деп коет. Жанаяк жасоо үчүн чебер талды, тегеректи кырма идиштердей көлөмдө кыйып келип, ичин оё баштап, көлөкө жайда кургатат. Муну да бир кайнатып алса, сары суусу чыгып, тарамыштай бышык, узакка урунууга оңтойлуу болот. Айрым аймактарда жанаяктын ичин ошон үчүн кол механизм — дүкөндү да колдонушкан. Чеберлер көбүнчө буга ийги менен бычакты эле пайдаланышат. Кезегинде жанаяктан кештелеген жана ага жыгач оюмдарын укмуштай берген чеберлер да кездешкен. Жанаяктын сабы менен таякчасынын учун ысыган шиш аркылуу жешип, кайыш өткөрүп, боо башын «чүкүрттөп», чачылап кереге башына илип коюшкан. Аны азыркы тапта өткөндүн эстелиги катары тарых музейлерден гана көрүп калдык.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)