Абдыманап Жапаркулов

Жапаркулов, Абдыманап‎»‎ барагынан багытталды)


Жазуучу, акын, котормочу жана журналист Абдыманап Жапаркулов Базар-Коргон районунун Көк-Тоңду айылында 1949-жылы 15-октябрда туулган. Айылдык мектепте окуп жүргөндө эле анын чыгармачылык шык-жөндөмү ойгонуп, аңгеме, ыр, макалалары райондук, облустук, республикалык массалык маалымат каражаттарында жарыялана баштаган. 1983-жылы «Орок-балка» деген чыгармасы альманахтарда жарык көргөн. Эмгек жолун райондук гезитте кабарчы болуп иштөөдөн баштап, «Советтик Кыргызстан» гезитинде (азыркы «Кыргыз Туусу») редактордун орун басарлыгына чейин иштеген. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясында илимий кызматкер, республикалык «Мурас» журналында бөлүм башчы, «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары болуп эмгектенген. Өмүрүнүн акыркы мезгилдеринде ишкерлик кесип менен алектенген. 2006-жылы 26-мартта дүйнөдөн кайткан. 2002-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Жапаркулов Абдуманап
Файл:Жапаркулов Абдуманап.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жапаркулов Абдыманап
Туулган жылы: 1949-жылы 15-октябрда
Туулган жери: Көк-Тоңду айылы, Базар-Коргон району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желегиКыргызстан
Ишмердүүлүгү: Жазуучу, журналист

Жарык көргөн китептери түзөтүү

Кыргыз тилинде түзөтүү

  • Аман бол, күн: Аңгемелер, повесть. – Ф.: Мектеп, 1985.
  • Күзгү жалбырактар: Ырлар жана поэма. – Б.: Бийиктик, 2002. – 119 б.
  • Бир гана аалам тегиз, аалам айкөл: Эскерүүлөр, ырлар жана поэмалар. – Б.: Бийиктик, 2007. – 478 б.
  • Өлүм өжөр, өлүмдөн өмүр өжөр: Ырлар, поэмалар, аңгеме, повесть жана котормолор. – Б.: Бийиктик, 2007. – 540 б.

Котомолору түзөтүү

  • Стефан Цвейг. Америго: Роман. – Ф.: Кыргызстан, 1987.

Колдонулган адабияттар түзөтүү