Жарандык же атуулдук ― адамдын белгилүү бир мамлекет менен туруктуу укуктук байланышы. Ал мамлекет менен анын бийлиги астында турган жактын ортосундагы өзара мамиледен улам ачык көрүнөт; мамлекет адам укугу менен эркиндигин тааныйт жана кепилдик берет, чет өлкөгө чыкканда анын кызыкчылыгын коргойт; ошол эле учурда, жаран дагы мамлекет мыйзамдары менен көрсөтмөлөрүн кыйшаюусуз сактайт, ал тарабынан белгиленген милдеттерди аткарат. Мына ошондой укуктар менен милдеттердин жыйындысы жарандардын чет өлкө жарандары менен жарандыгы жок адамдардан айырмалаган саясий-укуктук макамын түзөт.

Булактар түзөтүү

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7