"Жарым түн балдары" (англ. Midnight's Children) - 1981-жылы жарыкка чыккан Салман Рушдинин романы. Анда Индиянын британиялык колониализмден айрылып көз карандысыз болгону жана британиялык Индиянын бөлүнүүсү чагылдырылган. Бул роман постколониалдык адабияттын жана ажайып реализмдин чыгармасы болуп эсептелинет. Романдакы окуя башкы каарманы Салем Синай атынан баяндалып, чынында болгон тарыхый окуялардын контекстинин ичинде орун алган. Бирок жазуучунун тарыхта болгон окуялар менен ойлоп табылган элементтерди айкаштыруу стили өзүнө карай рефлексивдүү, Рушди аны "чатнификация" деп атаган. Романдын сюжети Болливуд тасмалары сыяктуу эле жыш колдонгон интертексти үчүн пастиш колорити байкалат. Ошондой эле роман постмодернизм адабий чыгармасы болуп эсептелет.

1981-жылы "Жарым түн балдары" романы Booker жана James Tait Black Memorial сыйлыктарына ээ болгон. Ал 1993чү жана 2008-жылы, Booker сыйлыгынын 25 жана 40 жылдыгына карата уюштурулган Booker of Bookers сыйлыгын утуп алган. 2003-жылы роман Би-би-синин The Big Read сурамжылоосунун тизмесинин ичине кирген. Ошондой эле Penguin Books жарыялаган "20-кылымдын эң мыкты китептери" тизмесине кошулган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү