Жашыл конвейер – малды жаз-жай-күз мезгилинде жашыл тоют менен үзгүлтүксүз жана жетиштүү камсыз кылууну уюштуруу. Ал колдо багылган малдын сүтүн, этин көп өндүрүү үчүн пайдаланылат. Мында, эрте жаздан кеч күзгө чейин кезектешип жетилүүчү өсүмдүктөрдү туура жайгаштырып өстүрүү чоң мааниге ээ. Чүй өрөөнүндө жазда себилген буурчак, сулуну 20–30-мартта, перкорапсты 5–20-апрелде, кара буудайды – 15–30-апрелде, тритикалени –1–20 майда; беденин 1 чабыгын 5–30-майда, 2 чабыгын 1–30-июнда, 3 чабыгын 10–30-июлда, 4 чабыгын 20-августан –10-октябрда чаап, жашыл тоют түрүндө пайдаланылат. Ошондой эле, жүгөрү, соя, сорго, тоют кызылчасы, тоюттук капуста да жашыл тоют катары колдонулат. Бул өсүмдүктөрдүн жашыл массасын өсүп жетилишине жараша малга үзгүлтүксүз чаап берүү менен сүт жана эт өндүрүүнү ургаалдуу жүргүзүүгө болот. Жашыл конвейерде орто ченинде өстүрүлгөн өсүмдүктөрдү (күздүк кара буудай, тритикале, рапс, перко жана башка) кеңири пайдалануу зарыл. Бир талаадан бир жылда эки жолу түшүм алууга мүмкүнчүлүк берип, айдоо жердин натыйжалуу пайдаланышына шарт түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1