"Жаш кыздын күндөлүгү" (англ. The Diary of a Young Girl) же "Анна Франктын күндөлүгү" (англ. The Diary of Anne Frank) - фашисттер Нидерландияны баскынчылыгынын астында кармаган мезгилде үй-бүлөсү менен эки жыл качып жүргөн Анна Франктын нидерландиялык тилинде жазган жазуулардын китеби. 1944-жылы Анна Франктын үй-бүлөсү камакка алынып, өзү 1945-жылы Берген-Бельзен лагеринде келте оорусунан каза тапты. А. Франктын күндөлүгүн тапкан Мип Гиз, согуш аяктагандан кийин, үй-бүлөсүнөн жалгыз тирүү калган атасына, Отто Франкка кызынын жазууларын тапшырды. Ошондон кийин күндөлүк 60тан ашык тилде басылып чыкты.

Анна Франк (1940).

Китептин алгачкы басылмасы "Башкалка" (нидер. Het Achterhuis) деп аталып чыккан. Бул күндөлүк 1942-жылынын 14-июнунан - 1944-жылынын 1-августуна чейин жазылган жазууларды камтыйт. 1952-жылы англис тилинде, Doubleday & Company (АКШ) жана Valentine Mitchell (Улуу Британия) басмаканаларындан чыкканга чейин эле 1947-жылы Амстердамда жарык көргөн китеп кеңири жайылган атакка ээ болуу. 1955-жылкы "Анна Франктын күндөлүгү" пьесасынын популярдуулугу Франсес Гудрич жана Альберт Хэккет сценаристтердин көңүлүн буруп, күндөлүк 1959-жылы адаптацияланып тасма катары экранга чыкты. Китеп 20-кылымдын эң мыкты китептеринин тизмесине кирген.

Европа бирлигинин автордук укук боюнча эрежесинде, жазуучунун өлүмүнөн 70-жыл өтөндөн кийин, күндөлүктүн 1947-жылы жарыкка чыккан нидерландиялык тилиндеги китебине алынган автордук укук 2016-жылдын 1-январында соңуна чыкты. Ушундан улам китептин оригиналын интернетте окуу мүмкүндүгү пайда болот.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү